Калыкбек Султанов арыз жазып президенттин кеңешчиси кызматынан кетти

Калыкбек Султанов арыз жазып президенттин кеңешчиси кызматынан кетти. Тийиштүү жарлыкка 17-августта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.

Калыкбек Султанов президенттин кеңешчиси болуп 2016-жылдын 18-майында дайындалган. Буга чейин ал Транспорт жана коммуникация министрлигинин башчылыгына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2011-жылдын декабрь айында келип, 2015-жылдын апрелине чейин иштеген. Министрлик кызматтан кетүүгө 2015-жылдын 21-апрелинде арыз жазып, анын арызын президент ошол күнү канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан