Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көчөлөргө, аянттарга, маршруттук таксилерге, метролорго эс алуу мезгилин Кыргызстанда өткөрүүгө үндөгөн социалдык жарнактар жайгаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди. Плакаттар менен сүрөттөрдө Кыргызстандын ажайып кооз жерлери, Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын гербдери чагылдырылып, “Кыргыз Республикасына кош келиңиздер!” деген чакырыктар жазылган. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанга туристтерди жана Санкт-Петербургдун ишкер чөйрөлөрүн чакыруу болуп саналат. Эске сала кетсек, жарнактык долбоорлор боюнча келишимдер 2012-жылы Санкт-Петербург шаарынын атайын делегациясы Бишкекке келген учурда түзүлүп, шаар башчысы Иса Өмүркулов жана Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко тарабынан кол коюлган.