Владимир Путин жакында Кыргызстанга келет

Орусиянын президенти Владимир Путин жай мезгилинде Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Орусия Мамлекеттик Думасынын Экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Михаил Емельянов бүгүн, 22-майда Бишкекте өткөн “Айыл-агро-2013” форумунда маалымдады. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы байланыш жыл сайын бекемделүүдө. Бирок Кыргызстан Бажы биримдигине кирмейин эки өлкөнүн келишимдери толук ийгиликке жете албайт.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы саясий абал өтө динамикалуу. Бирок тилекке каршы, экономикалык планда биздин кызматташтык биз каалаган деңгээлге жете албай жатат. Толук кандуу кызматташтыкка ээ болуу үчүн биз Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошондой эле Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапары да эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин өсүшүнө түрткү берет”,- дейт Емельянов. Анын берген маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Кыргызстанга июнь айынын башында келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан