Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата эл аралык айтышка катыша турчу акындар аныкталды

Кечээ, 20-август күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында кыргыз-казак эл аралык айтыштын тандоо туру өттү. Бул тууралуу республикалык "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 40тан ашык төкмө акын каттоодон өткөн. Алардын ичинен калыстар тобунун эң жогорку баасына татыган 8 акын тандоо турунан өттү. Алар Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Болот Назаров, Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айтбаев, Изат Айдаркулова, Кадырбек Бейшенов, Асылбек Маратов.

Айта кетсек, 30-31-август күндөрү Кыргыз улуттук филармониясында Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт. Ага казактардан 8, кыргыздардан 8 төкмө акын катышат. Айтыш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Тууганбай Абдиев атындагы коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлүп, байге фонду 2 миллион сомду түзөт.

Айтылуу төкмө акын, дастанчы, комузчу, "Махабат дастаны" тасмасында Раймалынын ролун аткарган актёр Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
suyor
2017-08-21 11:28:09
Аалы кана?
0
satiev87
2017-08-21 11:33:20
Биздин чон акындарыбыз кана?
0
Jyrgal8
2017-08-21 12:05:50
Аалы эмне себептен тизмеде жок же калыстардын баасына татыбай калдыбы?
0
egiz-jigit
2017-08-21 12:31:09
Изат эжекебизге ийгилик дири-дий дегени эле укмушта ийгилик сизге
+1
Isco22
2017-08-21 13:27:47
Жамайка Токоновалар катышпайбы жок дегенде Изат эжекеге шерик кылып койбоптур да,же казактарлан аялдар келбейт бекен?
0
Makar
2017-08-21 13:56:05
Аалы эмнеге жок экени жонундо тоолук маалымат берип койгулачы супер инфо
0
admin_superstan
2017-08-21 14:26:53
Makar, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Uson1388
2017-08-21 13:58:48
Аалы, Жеңишбектер жокго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан