Мураска калган өнөр
Өзүнүн кайталангыс таланты менен көпчүлүктүн сүйүктүү актёруна айланган Юрий Никулин 1921-жылы 18-декабрда Орусиянын Демидов шаарында жарык дүйнөгө келген. Белгилүү актёрдун үй-бүлөсү театр менен тыгыз байланышта болгон. Атасы Владимир Никулин юрист болгонуна карабастан аскерден келген соң, театрга актёр болуп ишке кирген. Апасы Лидия Иванова шаардын белгилүү актрисаларынын бири болгон. Дал ушул ата-энесинин чыгармачылыгы Юрий Никулиндин келечегине өзүнүн чоң таасирин тийгизген.
Эки согуш жана үч медаль
1925-жылы Юрий Никулиндин үй-бүлөсү Москвага көчүп келишет. 1939-жылы орто мектепти аяктаган соң актёр дароо фронтко кетет (ал учурда совет-фин согушу жүрүп жаткан). Ал фронтто жүргөн маалда Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Никулин Ленинградда 1943-жылга чейин болуп, көптөгөн жаракаттарды алганына байланыштуу госпиталга жаткырылат. Көп өтпөй кайра аскерлердин катарына кайтып келип, согуштун аягына чейин өзүнүн ыйык милдетин өтөгөн. Юрий Никулин согушта үч медаль менен сыйланган: "Эрдик үчүн", "Ленинградды коргогондугу үчүн" жана "Германияны жеңгени үчүн".
Кыял
Согуштан келген соң актёр Бүткүл Орусия киноматографисттер институтуна тапшырган. Бирок ал жактагы комиссия Никулинди сырткы келбети актёрлукка жарабайт деген себеп менен өткөрбөй коюшкан. Ушундан кийин Юрий Никулин өзүнүн кичинекей кезиндеги кыялын эстеп маскарапоз болууну чечет. Келечектеги көпчүлүктүн сүйүктүү актёру Москва циркине жумушка орношот. Көп жылдар бою актёр циркте эмгектенип болочоктогу жубайы менен да ошол жактан таанышкан.
Кеч келген атактуулук
Киноактёрлук карьерасын 36 жашында баштаганына карабастан Юрий Никулин көптөгөн мыкты образдарды жараткан. Башында Леонид Гайдайдын тасмаларында өзүнүн куудулдук өнөрүн тартууласа, кийинчерээк режиссёрлор актёрдун драмалык талантын байкашкан. Анын драмалык образ жараткан кинолорунун эң биринчиси “Бактар чоң болгон маалда” аттуу кино тасмасы болгон. Актёр көрүүчүлөрдүн эсинде Леонид Гайдайдын “Шуриктин окуялары”, “Кавказ туткуну” тасмаларындагы образдары менен калган. Бирок актёрду өз учурунда тирүү уламышка айланткан кино тасма болуп “Бриллиант кол” эсептелет. Режиссёр белгилүү үчилтиктен Юрий Никулинди гана бул тасмага чакыргандыктан актёрдун Евгений Моргунов жана Георгий Вицин менен болгон мамилеси салкындай түшкөн. Актёр буга байланыштуу “эч качан адамдардан өч албагыла, жакшысы бактылуу болгула, алар бул нерсени көтөрө алышпайт” деп айткан сөзү белгилүү цитатага айланган. Режиссёрлор актёрду съёмка учурунда керемет тамашаларды жарата алгандыгын жана кайсы убакта болбосун импровизация кылып кете алгандыгын өтө жогору баалашкан.
Өлүмгө алып келген оору
1997-жылы Никулин жүрөк оорусуна чалдыккан, буга байланыштуу операция жасоо чечими кабыл алынган. Бирок операциядан соң актёрдун абалы начарлап ошол эле жылдын 21-августунда бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.
21-августтун жылнаамасы.