Абдыкайым Кангелдиев Оштогу "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта SUPER.KG порталына маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди.
Анын айтымында, Кангелдиевди бул кызматка өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көрсөткөн. Андан соң премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгонун баса белгиледи министр.
Буга чейин Абдыкайым Кангелдиев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн билим берүү жана маданият тармагынын жетекчиси болгон.
Айта кетсек, 28-июль күнү "Сулайман-Тоо" музей комплексине ырчы Самара Каримова министр Түгөлбай Казаковдун буйругу менен директор болуп дайындалган. Министрликтин бул чечими коомчулуктун кыжырын келтирип, ырчыга жана министрге карата курч сын-пикирлер айтылган. Буйрук чыккандан 1 күн өткөндөн кийин Каримова кызматтан баш тартканын интернет аркылуу жарыялаган.