
Атактуу советтик "Кавказ туткуну”, "Ы" операциясы", “Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмаларында эл эсинен кеткис роль жараткан актёр Александр Демьяненко (Шурик) 18 жыл мурун, 1999-жылы 22-августта 62 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.

Актёр 1937-жылы 30-майда ошол кездеги Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарында туулган. Атасы Сергей Демьяненко ГИТИСти (театралдык окуу жай) аяктаган актёр болгон. Александр Демьяненко актёрлук ийримдерге катышып, атасынан өткөн талантын такшалтууга аракет кылган. Бирок 1954-жылы мектепти аяктагандан кийин, апасы менен таенеси анын актёр болушуна каршы чыгышат. Алардын мажбурлоосу менен Свердловск университетинин юридикалык факультетине тапшырып, ошол жерде окуп калган. Бирок окуусун жакшы окуганына карабай, жарым жылда таштап салган. Москвага сапар алып, сыноодон ГИТИСке да, Щукин атындагы окуу жайына да өтүп кетет. Тандоого келгенде "атам ГИТИСте окуган" деп ошол жерде калган.

ЖОЖдо окуп жүрүп, студент катары өзүн жакшы көрсөтө албайт. Сабактарды көп калтырат. Устаты, профессор Иосиф Раевский анын талантына, келечегине ишенгендиктен бардык жоруктарын кечирген. Анын талантын баалап, 3-курсунда киного чакырышат. Ошентип актёрлук өмүрүндө алгачкы болгон “Шамал” аттуу тасмада башкы ролдордун бирин ийгиликтүү жаратат. Тасмада Митя аттуу жаш, эр жүрөк жигиттин ролун аткарат.
1964-жылы Леонид Гайдай өзүнүн белгилүү комедияларын тартууну баштайт. Башкы ролго адам көпкө издейт. Ошондо ага "Санкт-Петербургда Александр Демьяненко деген актёр бар. Ошол сенин каарманың" деп айтышат. Эч ойлонбой келечектеги Шурикти көздөй жөнөйт. Аны биринчи көргөндө эле дал ушул актёр анын ийгилигинин ачкычы экенин түшүнөт. Ошентип "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" комедиясы тартыла баштайт. Ал кезге чейин комедиялык образдарды жаратпаган Демьяненко съёмка аянтына чыгып, режиссёрдун көрсөтмөлөрүн так аткарып берет.
1965-жылы тасма жарыкка чыгары менен даңкталып, актёрго болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келет. Андан эки жыл өткөндөн кийин Гайдайдын "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" кинотасмасы экранга чыгат. Бул тасма да бүткүл СССР аймагы боюнча баш айланткан ийгиликке жетип, Александр элдин сүймөнчүгүнө айланат.
Көчөдөн көргөндөр "оо, Шурик" деп тааный баштаган. Жадакалса кээ бирлери "сен Шуриксиңби?" деп кулагын чоюп, көз айнегин оңдогонго чейин барышчу. Ал гана эмес "Арак ичесиӊби?" деген суроолор да көп берилчү. Жаратылышынан токтоо, түнт жаралган Шурикке мунун баары жага бербейт. Кээде ачууланып "Шурик эмесмин, мен Александр Демьяненкомун" деген жооп узатчу. Бирок ал да күйөрмандарынын толкунун токтоткон эмес.
Жадакалса өмүрүнүн акыркы күндөрүндө актёрдун "60тан ашсам да Шурик бойдон калдым. Бул образ менин кинокарьерамды талкалады", - деп айтканын замандаштары эскеришет.
1973-жылы Шурик тартылган акыркы "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" комедиясы кино сүйүүчүлөргө сунушталат. Бул тасма да көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, атак үстүнө атак алып келет. Бирок көп өтпөй актёр үчүн анын Шурикке байланышкан атактуулугу трагедияга айланат. Анткени көпчүлүк режиссёрлор Александрды чоң ролдорго чакырбай калышат.
Ошентип эми жакшы ролдор сунуштала баштайт деп үмүт кылган актёрдун тилеги таш каап, улам жаңы ролдорго чакыруу азая берген. Ошондой эле актёр дубляж студиясында да эмгектенген. Ал Роберт де Ниро, Жан-Поль Бельмондо, Омар Шариф сыяктуу актёрлорду "сүйлөткөнүн" көпчүлүк биле бербесе керек.
1990-жылдары ал иштеген театрдын жаӊы жетекчиси алмашып, директор "Сиздей актёрду билбейм" деген кемсинткен сөз айтат. Буга намыстанган Демьяненко жумуштан кетүүгө арыз жазат. Алгачкы жүрөк оорусу ошондо кармайт.
Ал эми ошол жылдардагы кризис учурунда аны жарды жашоодон чыгууга кесиптеши Наташа Селезнёва жардам берген. Ал актёрго концерт уюштурууга көмөктөшүп, гонорарын көбөйтүүгө аракет кылганы айтылат.
Жеке жашоосу:
Актёр алгач Марина аттуу сулуу менен баш кошуп, 20 жылдай өмүр сүргөн. Кийинчерээк эч кимге айтпай, болгон кийимдерин бир чемоданга жыйнап кесиптеши Людмила аттуу айымга барып, ага баш кошуу сунушун киргизген. Актёр каза болгондон 6 жылдан кийин Людмила Демьяненко да дүйнө салган.
Александр Демьяненко эки никесинде теӊ балалуу болгон эмес.
22-августтун жылнаамасы.