Бүгүн, 22-августта президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков жана Алтынбек Сулайманов менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн 25-августта кезексиз жыйынды өткөрүү суранычы менен парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кат жөнөткөнүн айтты. "15-октябрда президенттик шайлоо өтө турганына байланыштуу өлкөнүн аткаруу бийлиги туруктуу жана пайдалуу болуш керек. Мындан улам кыска мөөнөттүн ичинде өкмөттүн толук курамы түзүлүшү зарыл", - деди фракция лидерлерине өлкө башчы.
Мындан тышкары Атамбаев президенттик шайлоону өткөрүү менен бирге өкмөттүн алдында кышка даярдануу жана күзгү талаа иштерин жүргүзүү милдеттери бар экенин баса белгиледи.