Liglass Trading'дин айланасындагы катаал оюн: Мунун артында эмне турат?

Премьер-министрге талапкер катары аты аталып жаткан Сапар Исаковго карата каралоо кампаниясы жүрө баштады. Ушул теманын өзөгүн талдаган Ильяс Кангелдинин пикирин назарыңыздарга сунуштайбыз. Акипресс агенттигине жарыяланган макала орусчадан которулуп берилди.

Айрым фракция лидерлери өзүнө упай топтоп, атаандаштарына зыян келтирүү үчүн парламент трибунасын болушунча пайдаланып жатышат, муну түшүнүү үчүн Ванга сыяктуу олуя болуунун деле кажети жок. Мындай адат айрым саясий партиялардын жетекчилерине да тиешелүү.

Liglass Trading компаниясы тууралуу чехиялык басылмалардын макалалары жарык көрдү. Бир жагдай таң калтырат – аталган компания боюнча атайын бир акценти бар макалалар биздин өлкөдө саясий маанилүү окуялар мына-мына болот деп турган чакта пайда болот. Бул жолу да чехиялык маалымат каражаттарында макала пайда болуп, бул ирет сокку КСДПдан өкмөт башчылыкка талапкер болгону жаткан Сапар Исаковго жасалды. Күмөндүү ойлорду күчөтүп, чехиялык басылмалардагы макалага катар эле КСДПнын ардагерлеринен делген билдирүү да пайда болду.

Бирөө жарым бул дал келүү деп ишенеби? Тилекке каршы, ишенүү кыйын. Мына бул маалыматтык кампаниянын артында тажрыйбалуу дирижёр, куурчак ойноткучтун колу байкалып жатат.

Бирок бул макаланын артында Кыргыз өлкөсүндө да, чет жерде да жетиштүү деңгээлде таасирдүү болгон күчтөрдүн көптөгөн кызыкчылыктары жашырынып жатат. Макалалардын пайда болушунда геосаясий аспект дагы бар. Анткени ал Орусиянын Евробиримдик менен мамилеси боюнча ар кандай көз караштардын кагылышы жүрүп жаткан чакта жарыяланды. Эгер бардык жагынан анализдеп карасак, алыскы аймактарда тиреш жүрүп жатат. Согуш талаасы Кыргыз өлкөсү болуп калганы менен, максаты Чехиянын өзүндөгү белгилүү бир саясий күчтөргө зыян келтирүү болуп жатат. Буга катар Кыргыз мамлекети аркылуу ЕАЭСке да сокку урулуп жатат. Бардык фигуралар катаал шахматтык оюнда тизилген, ар бири бул татаал комбинацияда өзүнө бөлүнгөн ролду аткарышы керек. Негизинде Кыргыз мамлекетиндеги президенттик шайлоо чоң державалардын геосаясий атаандаштыгынын уландысы катары каралып жатат. Чоң оюнчулардын кимиси үстөмдүктүү упай алары шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды болушу мүмкүн.

Бир сөз менен айтканда, баары аралашып кетти, чоң оюн башталды.

Эми алыстан баштап иликтөөгө аракет кылып көрөлү. Чехиянын учурдагы президенти Милош Земан Орусияга карата өзгөчө позициясы менен айырмаланат. Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн бири болгон Чехиянын лидери антиорусиялык санкциялар жана буга төп келүүчү маанайдагы Европа мамлекеттеринин лидерлеринин фонунда алып караганда Орусияга карата достук мамилесин көргөзүп келет. Земандын атайын баса белгиленип көрсөтүлгөн Орусияга сапарлары, Москвага карата достук мамилеси АКШ менен ЕСтин кыйла кыжырына тиет. Андыктан Чехиянын президентин дискредитациялоо аракети жүрүп жатат. Земан ушул жылдын жаз айында экинчи мөөнөткө барарын айткандан бери, чех президентинин каршылаштары орусиялык көз караштагы мамлекет башчысын тактан түшүрүү аракетин он эселеп күчөтүштү. Чехиялык саясат таануучулардын пикири боюнча, Земанда өлкө башчылык креслосун сактап калууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Сурамжылоолорго таянсак, шайлоочулардын 50 пайыздан көбү аны колдошот. Андыктан Земанга каршылар аны дискредитациялоону, керек болсо импичмент менен кетирүүнү көздөшөт. Бирок бул үчүн жүйөлүү себептер керек. Акыры андай жүйөнү табышты көрүнөт. Кыргыз мамлекети менен Liglass Trading компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишимди пайдалана башташты. Кимде-ким окуяларды тыкыр күзөтүп жүргөн болсо, бул келишимдин күмөндүү тарабы жок экенин байкашы керек. Чехиялык ЖМКлар чехиялык компания афера жасап жатканы боюнча бир дагы далил жок туруп ар кандай божомолдор менен эле иш жасап жатышат, кээде жөн эле фактыларды кулагынан чоюп бир катарга тизгенге аракет кылышууда. Анан бардык нерсе президент Земандын жана анын канцеляриясынын ушул компанияга жан тартуу темасынын айланасында тегеренип калды.

Акыркы жарык көргөн макалада Сапар Исаков менен Чехиянын президентинин канцеляриясынын жетекчисинин кат алышуулары факт сыңары келтирилип, Чехиянын ТИМи атайын кызматка келишимди текшерүү үчүн кайрылганы имиш катары айтылат. Эч кандай далили жок эле дамамат коррупцияга шектенүүлөр кыйытылат. Чынында бул жөн гана кат алышуу, мамлекет башчылардын канцелярияларынын кат алышуусу бардык өлкөлөрдө эле жүргүзүлөт.

Бир сөз менен айтканда чехиялыктарды “президент таза эмеспи?” деген ойлорго түртүү үчүн маалыматтык ызы-чуу жаратылып жатат. Кеңири колдонулуп келе жаткан тактика. Ушул сыяктуу эле тактика Иранга, Саддам Хусейнге карата колдонулган. АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракка кол салуу алдында Саддам Хусейнде биологиялык курал боюнча программасы бар деп далил келтиримиш болуп баштаган. Кийин, Саддам Хусейн өлтүрүлгөндөн кийин Пауэллдин өзүн калп айтты деп күнөөлөө башталганда ал атайын кызматтын өкүлдөрүнөн эмне үчүн такталбаган маалымат берип, адаштырышканы боюнча түшүндүрмө талап кылып кирген. Бирок ал учурда бул иш актуалдуулугун жоготкон болчу, Ирак Саддам Хусейни жок жашап баштаган, АКШ максатына жеткен.

Мына ушундай эле кырдаал чехиялык ЖМКларда да байкалып жатат. Кыргыз мамлекетинин Liglass Trading компаниясы менен болгон келишими Чехияда өтө турган президенттик шайлоонун алдында Земандын аброюна шек келтирүүгө жакшы шылтоо болду. Земандын канцеляриясынын жетекчиси менен кат алышкан Сапар Исаковду да гармониялуу түрдө бул катаал оюнга аралаштырып коюшту.

Бирок Сапар Исаков дагы президент Атамбаевдин мураскери болгон, анын жасап жаткан иштерин улантам деп ачык айтып жаткан Сооронбай Жээнбековго сокку жасоо үчүн бута катары тандалганын белгилеп коюу керек. Бул Кыргыз-Орус байланышын бекемдөөнү негизги пункт катары алган, Евразиялык биримдиктин интеграциялык процесстерин колдоого багытталган тышкы саясат уланат деген кеп. Президенттик аппараттын Тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси катары Атамбаевге тышкы саясатты курууга жардам бергени жана зор аракет кылганы үчүн Сапар Исаковду кечиришкен эмес окшойт.

Ошентип мунун бардыгы Кыргыз өлкөсү менен чехиялык компаниянын келишиминин айланасында чиеленип калды. Максаттар айкын жана кийинки окуялар кандай болору белгилүү. Жээнбековдун атаандаштары Сапар Исаковду өкмөт башчылык орунга өткөрбөш үчүн жана аны жолун бууш үчүн Liglass Trading компаниясынын айланасындагы ызы-чууну парламентте пайдаланганга аракет кылышат. Бул күтүлүп жаткан нерсе.

Бирок чехиялык ЖМКлардагы макалаларды колдонуу менен парламентте Сапар Исаковго жасалган соккулар, президент Земанга, Орусиянын Евробиримдиктеги башкы санаалашына тиет. Мындай сокку жасоого Жогорку Кеңештеги оппозициялык лидерлер даярбы? Эгер даяр болушса, анда бул президенттикке талапкерлер да катаал геосаясий оюнга аралашканын билдирет. Демек, алардын кызыкчылыгы Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлеринин арасында Орусияга карата кандай гана болбосун жан тартууну түп тамырынан жок кылууга аракет кылгандардын кызыкчылыгы менен дал келди деген сөз. Өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарынан, амбицияларынан улам түшүнүп-түшүнбөй туруп президенттикке талапкерлер Кремлдин геосаясий кызыкчылыктарына катуу тийишип алуулары мүмкүн. Муну ачык эле айткан оң.

Анан калса чехиялык ЖМКларга жарыяланган макалалар чагылгандай тездик менен Кыргыз мамлекетине жетип которулуп жатканы көңүлдү бурат. Андан көп өтпөй эле айрым басылмаларда макалалардын авторлору пайда болуп, өз иликтөөлөрү далилдер менен такталган өңдүү көргөзүүгө аракет кылып жатышат. Чынында бардыгы “бир кемпир айтты” дегендей, божомолдорго, далили жок имиштерге барып такалууда.

Жалпылап айтканда, чех компаниясынын айланасындагы ызы-чуу, Сапар Исаковдун ысымын ар түркүн шектүү иштерге аралаштыруу аракети – бул көшөгө артындагы мыкты куурчак ойноткучтардын кадамдары. Бирок ойлонбой туруп же, балким, атайын атаандашын каралоо үчүн сенсациялуу фактылар менен ойноордун алдында кимдир бирөө жакшылап ойлонушу керек. Антпесе кийин оор болуп калат. Ушундай айлампага кирип кетет дейсиң, андайда эптеп аман калуу таттуу кыялга айланышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Abdullatif
2017-08-23 00:08:39
Мына сага саясат! Бири бирибизди коро албайбыз, чукуйбуз. Мынтип олтурсак артка кетебиз дагы. Ушул чукушкандардын баарын чогултуп туруп, соомойлорун кесип таштай турган бир лидер келет болду бекен?! Келсе, качан? ким? Бул жагы жандырмагы жок табышмак...
+1
aitowa11
2017-08-23 03:29:05
Мадумаров болуш керек Президент
+4
BarsBaatyr
2017-08-23 03:54:21
Эн татыктуусу Мадумаров деп эсептейм.
+6
bai.2011
2017-08-23 05:53:36
BarsBaatyr, Мадумаров болсун
+2
Azamat772
2017-08-23 07:16:59
Ьабанов болот
0
Shekeev969798
2017-08-24 17:49:44
Azamat772, бананов слабый башкаралбайт ал корунуп туратко Чычалатсан ыйлап да ийиши мкмкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан