2006-жылы 24-августта Плутон Күн системасынын планетасы эмес, карлик планеталардын катарын толуктаган. Эмне себептен Плутон планеталардын катарынан чыккан? Бул суроо илимий чөйрөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келет. Айрымдар Плутон карлик планета десе, арасында ага кайра "классикалык планета" деген аталышты кайтарып бериш керек экендигин айткандар бар.
Эмне себептен Плутон Күн системасынын планетасы болбой калган?
2005-жылы 5-январда Майкл Браун, Девид Рабиновиц жана Чедвик Трухильо аттуу окумуштуулар Койпер аймагында белгисиз объектини таап алып ага 2003 UB313 деп убактылуу ат беришкен. Кийин белгилүү болгондой, табылган космостук тело Плутондон чоңураак жана салмактуураак болгондугуна байланыштуу Күн системасынын тогузунчу планетасы болот деп да божомолдошкон.
Буга байланыштуу эл аралык астрономиялык союз 2006-жылдын 24-августунда классикалык планетанын аныктамасын берген. Бул аныктамага ылайык планета деп төмөнкү шарттарга жооп берген космостук тело саналат:
1. Ал өзүнүн орбитасында Күндүн тегерегинде айлануусу зарыл.
2. Ал өзүнүн гравитациялык таасиринен улам сферикалык форманы кабыл алыш үчүн жетишерлик салмакка ээ болушу керек.
3. Ал өзүнүн орбитасында гравитациялык доминанттуулукка ээ болуп, анын айланасында аны менен бирдей болгон башка космостук тело болбошу керек.
Плутон бул шарттардын үчүнчүсүнө жооп бербейт, анткени анын массасы өзүнүн орбитасында жайгашкан бардык космостук телолордун 0,07 пайызын эле түзөт. Мисалга алсак, Жердин салмагы анын жанында жайгашкан телолордун салмагынан 1,7 миллион эсе чоң.
Мындан улам Плутонду транснептундук объект катары эсептеп карлик планета макамы берилген.
Кийинчерээк 2003 UB313 объектисине Эрида аты берилип жана ал Күн системасындагы эң чоң карлик планета болуп калган. Бирок азыркы убакытка чейин "Эмне үчүн Плутон планета болбой калды?" деген суроо өзүнүн айланасында пикир келишпестиктерди, дебаттарды жаратып келет.