Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 26-августта президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөттү 25-августта Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен шайлаган. Анын талапкерлигине 97 депутат "макул" деп добуш берген.
Белгилей кетсек, 40 жаштагы Сапар Исаков буга чейин президенттик аппараттын башчысы кызматын аркалап келген.
Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү эми парламентте ант берип, кызматтарына расмий киришет.
Исаков Сапар Жумакадырович:
1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар.
Эмгек жолу:
1999-2003-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу;
2003-2007-жылдары атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укуктук департаментинин бөлүм башчысы;
2007-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси;
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
2010-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын январь айынан март айына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2017-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси.