Ошто башы жок табылган жансыз дененин өздүгү тактала элек. Милиция коомчулуктан жардам сурайт (фото)

Бүгүн, 28-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгы башы жок табылган жансыз дене боюнча билдирүү таратты. Анда милиция кылмыштын бетин ачууда коомчулуктан жардам сурайт.

"Кимде-ким бул өзгөчө оор кылмыш тууралуу маалыматы болсо, төмөндөгү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюшуңуздарды суранабыз. Маалымат берген адам тууралуу жашыруун сыр толук сакталышына кепилдик беребиз. Байланыш телефондору: 0 (3222) 2-46-78, 0 (3222) 2-10-06, 0 (557) 00-00-01, 0 (557) 79-96-99, 0 (558)-15-00-88. Маркумдун кофтасы, ал оролгон улуттук көшөгө, жүк жапкыч жана маркум оролуп салынган сумкалар сүрөткө тартылып алынган", - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.

Айта кетсек, кечээ, 27-августта Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда таштанды таштоочу урнадан 40-55 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Nurmat92
2017-08-28 11:49:37
Кудай өзүң сакта
+23
Syn4y
2017-08-28 11:58:39
kuioosu kylsa kerek
0
rios.07
2017-08-28 12:04:43
оз жакындарынан болсо керек! кошого бар экен куйоосу болушу да мумкун.
+1
General.kg
2017-08-28 12:06:48
Кашайып бир күндө эле жардам сурап чыкпай, тыкыр иликтөөгө алыш керек. Мынтип коомчулуктан жардам сурап илинчектерди жарыя кылса кылмышка тиешеси барларды үркүтөт!
-12
Nurdinova
2017-08-28 12:08:34
Не деген жашоо болуп калды коркуп Аллага гана тобоо келтирип жашай турган болуп калдык оо Аллахым ушундай өлүмдөн өзүң сакта
+17
nurbekasr
2017-08-28 12:39:30
Иий жамаш иш болуптур,кандай мыкаачынын колунан келди экен.Денесинде андай мындай белгилери жок бекен?көшөгө бар экен,биринчи көшөгөнү ким тиккен ошону кармаш керек анан илинчек чыкса керек.
+1
Kuba-savai87
2017-08-28 12:47:31
Башы жок суротун жуктоп койбодубу деп коркуп кеттим эле. Ким болсо да жазасын алсын
+12
-Sumitra-
2017-08-28 13:30:32
Юговостоктобу ошондо? Кечээ ошентип жаздынар эле го!
+2
Batma08
2017-08-28 13:39:26
-Sumitra-,оа ошол жер вастоктогу
+1
samsungc3
2017-08-28 13:39:49
-Sumitra-,ооба, ОшКУУнун жатаканасыдан түшүп келе жаткандагы мусор багы экен. Курманжан кичи шаарчасы болуп өзгөргөнүн укпаптырмын.
+1
AzKumFerDan
2017-08-28 13:48:43
samsungc3,5жылдан бери Курманжан кичи районуго
0
samsungc3
2017-08-28 14:07:26
AzKumFerDan, аа билбепмин мен 4жылдан ашты баралегиме
0
farida.kg.1991
2017-08-28 14:09:32
Кудай сактасын башыны кайдан табат эми башыны итке бергенби же туалетке таштаганбы же дарыягы чоктүрүп жибергенби же көмүп койгонбу же күйгүзүп жибергенби ким билет табылып калсында эми. күйөөнү балдарын ата энесин табыш керек.
-2
ukmuw-ukmuw
2017-08-28 19:54:40
farida.kg.1991,башы жок тела учун суд жок да ошого кесип жоготуп салды го!
+1
kamchatka
2017-08-28 14:19:53
Петрова 9домдун 4 квартирасынан бир кабар алып койгулачы ошол уйдо апасы менен баласы коп ичишчу анан баласы апасына бычак такап коркутуп уйунон кууп жыгаар эле ал болбой эле койсун бирок ошондой ой келип кетти!
+5
Дарыгер
2017-08-28 14:46:25
kamchatka,супер инфо ушул маалыматты тийиштуу органга жеткирип коёсуздарбы
+2
admin_superstan
2017-08-28 15:11:03
Дарыгер, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Stervashka
2017-08-28 19:36:18
Жакындары билишпейт бекен, ким канча кундон бери дайынсыз.
0
Aruujanshaxi
2017-08-29 01:21:02
Биометрикалык каттоодон баары эле өтүшкөн го шайлоонун алдында 2 3 жыл мурун. Отпечаткасынан чыкпайбы ким экени?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан