Футбол боюнча улуттук курама өзбек оюнчуларына 5:0 эсеби менен жеңилди

25-август күнү футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Өзбекстан курамасына 5:0 эсебинде жеңилип калды.

Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн беттештин алгачкы таймын Кыргыз курамасынын атаандаштары 2:0 эсеби менен жыйынтыктады. 2-таймда алмашууга чыккан Сардор Мирзаев 84-мүнөттө эсепти 3:0 кылды. Оюндун кошумча мүнөттөрүндө Жалолиддин Машарипов эсепти 4:0 кылса, Александр Гейнрих пенальтиден гол киргизип эсепти 5:0 кылды.

Беттештин жыйынтыгында улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин оюн пайдалуу өткөнүн жана көп маалымат алганын айтты. "Азыр ар бир футболчу жөнүндө жыйынтык чыгарса болот. Мьянма менен боло турган беттеште ким даярданары бизге белгилүү болду. Бизге кирген голдор жалпы команданын эмес, жеке футболчулардын катасы алып келди. Оюнга толук канааттандык, эсеп менен эмес, айрым учурлар менен. Өлкөнүн чемпиондугунун деңгээли башка, эл аралык деңгээл башка. Футболчулар оюн убактысын алышты, эми жыйынтыктарды чыгарабыз", - дейт Крестинин.

Эске салсак, буга чейин аталган оюндун жыйынтыгы ФИФА тарабынан катталып, командалардын рейтингине таасир этпегени маалым болгон. Ошондой эле улуттук курамдын катарында жалаң Топ Лигада ойногон футболчулар гана барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
jike
2017-08-28 18:39:09
кок борудон казактарга 4:1 футболдон озбектерге 5:0 биздин оюнчуларга не болгон
+12
Azamatisatoroev
2017-08-28 19:15:08
уят эле
+6
Makkambaev97
2017-08-28 19:27:42
Ойной албаса эмнеге барат Ташкентке
+5
ali96
2017-08-29 09:52:13
Makkambaev97,Футболго бир аз кызыгып, эмнеге
барып атат...эмнеге ойноп атат? Тушунуп алчы биринчи
0
bekov01
2017-08-28 19:38:37
Емне учун оюнду жабык откорду? Биздин улакчылар дагы футболчулар дагы намысты акчага баалап калышканбы деген ой келбей койбойт
+5
ali96
2017-08-29 09:51:02
bekov01,тууган бул оюн 5-сентябрда Мянма менен
боло турган оюнга даярдык болду...
Негизги курам ойногон жок, Топ-лигада ойногон
жаш оюнчулар ойношту...ошолордун арасынан
улуттук курамга тандалып алынды
0
kenjebek_a
2017-08-28 20:27:34
Кошуналар оюндун эки туру боюнча айрып салышты,эмне болду деги.Футбол го мейли улактан точно сатылышты окшойт.
+6
tawbawat
2017-08-28 20:42:57
шерменде
+2
expert.007
2017-08-28 21:21:45
Ойной албагандан кийин чыгып кеткиле улуттук курамдан. Баары байдын балдары да
+3
ali96
2017-08-29 09:53:50
expert.007,ой баай эй...бул ошол улуттук курамга тандап алыш учун жаш оюнчуларды озбектер ойнотту! Опыт жок соройлорду эми тандап алды тыныраактарын...
+1
Samina007
2017-08-28 21:34:03
Крестининди кетириш керек негизги машыктырган ошол болгондон кийин
0
KUBI
2017-08-28 21:41:17
Утулуп эле журот окшойбуз.
0
aman0296
2017-08-28 21:57:05
Уялышпайт
0
mir777
2017-08-28 22:48:43
Футболду онуктуруш керек. Кайдагы мессиге жан тартып журот футбол суйуучулор. Биз деле Кыкеге куйорман болгубуз келет
+3
doping1
2017-08-29 00:05:41
муну мен чыгарбайсынарбы дедим эле эми чыгыптырда
+1
AKCAHAT
2017-08-29 02:39:35
Тоготпой кагып силкип суйломойубуз бар эле биздин, эми кантип кыйынсынып суйлойбуз баары эле уяткарып утулат
0
admin_superstan
2017-08-29 10:40:57
ali96, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Beka1986
2017-08-30 12:06:41
Футболду ойнобой эле койгулачы,жон эле жургулочу бизди уят кылбай
0
Rasul94
2017-09-01 21:26:39
Beka1986,туптуура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан