Эсептөө палатасы 2012-жылы каржылык мыйзам бузуулар боюнча 266 ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берген

КРнын Эсептөө палатасы 2012-жылы каржылык мыйзам бузуулар боюнча 266 ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Мындай маалыматты ЖКнын 23-майдагы жыйынында аталган мекеменин башчысы Элмира Ибраимова айтты. Аталган каржылык мыйзам бузуулардан мамлекетке 703 миллион сом зыян келтирилген. "2012-жылы 122 мыйзам бузуу фактысы прокуратурага, 60 иш Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, 30 иш УКМКга, 54 иш ИИМге өткөрүлүп берилген",- деди Ибраимова. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылы 3 мэрге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда тийиштүү материалдардын баары сотто экендигин айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан