super.kg logo

Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаеваларга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

Жарлыкка ылайык эстрада ырчылары Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага, Улуттук филармониянын алдындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти Анапия Райымбековага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

Ошондой эле бул наам "Учур" театрынын актёру Чыңгыз Мамаев, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери Нурматбек Полотов, Тилек Найманбаев, Елена Овчинниковага, Бишкек мэриясынын алдындагы "Доор" этно-фольклордук тобунун солисти Каныкей Раймалиевага ыйгарылды.

Сүрөтчү-живописчи, Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт улуттук академиясынын станок живописи кафедрасынын башчысы Сүйүтбек Төрөбековго “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы берилди.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйлангандар:

Назира Аалы кызы - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият, тарых, тил” каналынын продюсери;

Эркинбек Болжуров - Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин фотографы; Алмагүл Бөлөкова - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;

Роза Жангарачева - “KORU” балдар студиясынын живопись жана сүрөт боюнча окутуучусу;

Берат Касмахунов - Чжэн Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Башкармасынын төрагасы;

Кубандык Өмүров - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм коюу бөлүмүнүн башчысы;

Чолпон Орозобекова - журналист, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелер боюнча талдоочу;

Владимир Пирогов - “Вечерний Бишкек” гезитинин фотокабарчысы;

Кубанычбек Таабалдиев - “Кабар” кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору;

Инабат Усубалиева - Бишкек шаарынын №13-мектеп-лицейинин комузчулар ийриминин жетекчиси.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(85)
31.08.2017. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:27
Жынысы:
Белгисиз
-20
Самара эже татыктуу
31.08.2017. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
30-01-2018 21:22
Жынысы:
Белгисиз
-8
Нурайым деген гим озу ырчыбы ырдаса тааныйт елек да гулжигитко мейли алса болот бирок шайлоонун алдында ушундай наамдарды бере берип бийлик наамдардын да баркын кеттирип бутту
31.08.2017. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
-2
Beka13,Нурайым деген Гулжигитинен да Самаранан да мурда чыккан музыканттын уй булоосундо торолуп кичинекей кезинен кыргыздын намысын чет жерде коргоп жургон профессионал музыкант. А Гулжигит ким "тиколорго" ыр арнап жургон ырчыбы
01.09.2017. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
16-01-2016
Соӊку аракети:
05-02-2018 15:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
nargiz-sa, сатыбековго соз тийгизбе сенда колундан келсе арнап ырда
31.08.2017. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
31-12-2011
Соӊку аракети:
13-07-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+11
Самара каримова илмияновдун таанышы болгон учун алды андан коро мерген турган байкеге бербейби
31.08.2017. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
29-10-2018 21:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+11
Самара чыкканына 5 жыл болдуда эски ырчыларга бербейби уята Эми чоон эжелери туруп акча берип наам алганы же чоондун аялы деп эле бере беришеби
31.08.2017. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
02-03-2016
Соӊку аракети:
01-09-2017 17:15
Жынысы:
Белгисиз
+16
Байкуш Мерген Турган(
31.08.2017. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
30-04-2018 07:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+8
Бул жакта туруп мен уялып кеттим Самара. Кайсы ырың элге синди?
31.08.2017. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
25-11-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:55
Жынысы:
Белгисиз
+14
АШАнын да ырлары чыккан. Ошого да берсин
31.08.2017. 11:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
gulmi, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. 1 күнгө БАН!
31.08.2017. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
+9
Нурайымды прическасынан таныбай калыптырмын атын да унутуп калыптырмын бирок аспаптарда ойногондо берилип угуп калчумун.Кыргызстандын атын дуйного жакшы эле чыгарып жатканын окуп калам.
31.08.2017. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:29
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мерген турган канти экен. Супер инфо барып маектешип келбейсинерби
31.08.2017. 12:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+3
Kuba-savai87, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
31.08.2017. 12:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
17-10-2017 16:17
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биз бул жерде талкуу кылган мн эч кандай пайда жок,же тигилер кызарып койсо бир жон.Мен деле каршымын Каримованын наам алганына.эски ырларды созуп ырдаганы,катар катар концерт койгону эле болбосо,Кыргыздын наамын коргоп бир нерсе кылыппы чет олкодо?
31.08.2017. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
07-10-2017 13:24
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нурайым Азыкбаева эн татыктуусу коптогон мамлекеттерге барып эл аралык сынактарга катышып байгелуу орундарды алып журот.Чынын айтканда чет жака чыгып Гулжигит менен Самара конкурска чвгып келсе эч бир байге ала албайт.Гулжигиттин ырларын кыргыз эли жакшы корот ошол учун берди.А Самарага болсо соз жок Аны папочкасы алып берди.
31.08.2017. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:50
Жынысы:
Белгисиз
+14
Гулжигитти куттуктайбыз ушул байкебизге берсе болмок деп жургонбуз сыйлыгыныз кут болсун,элдин журогуно жеткирген жалан жакшы ырларды озу жазат озу обон чыгарат,Каримова элдин эски ырларын ырдап,сахнаны бир ай бою тейлеп Асандын акчасына алганы айтпаса деле белгилуу,уят эле
31.08.2017. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
10-03-2018 15:49
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулжигит Сатибеков алга.
31.08.2017. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол жана Бишкек.
+10
Куудулдарыбыз качан алышаар экен аларга таптакыр бербей калды го
31.08.2017. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:48
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сахна Самара Каримова болуп калды го эми жакында маданият министри болду дегенди окусам тан калбайм
31.08.2017. 12:55 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
15-10-2017 03:44
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ен жакшы болуптур жаштарга дем бул нерсе!!!!
31.08.2017. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
08-03-2018 00:25
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нурайым татыктуу наамга.Музыкалык аспаптарда жакшы ойнойт. Чет мамлекеттерге да барып журот.Ал эми Самара болсо директор болом деген аракети ишке ашпай калып,креслого арнаган каражатын наам алганга короткон окшойт.Дегеле ырдай албайт.Авторлору сонун,уккулуктуу кылып аткарган ырларды бузуп жагымсыз кылып ырдайт.Дагы кайсы эмгеги синди экен элге тушубодум.Жулунганын койбойт экен да.Уялып деле калбайт.
Jarookerjan түзөттү 2017-08-31 13:15:00
31.08.2017. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+6
Таанышың болсо танкасың деген ушул экенда Самараны директорлукка койду эл наразы болуп түштү эми сыйлык алып жатат ана саңа.....
31.08.2017. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
198
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
23-10-2018 09:08
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулжигит Сатыбеков алган наамын кут болсун. Сага бул наамды бергенине биз кыргыз эли кубанычтабыз сен мындан да жакшы наамдарга татыктуусун.
31.08.2017. 13:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
29-01-2018 04:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
сатыбеков эле татыктууу
31.08.2017. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самаранын ордуна Илиязга бериш керек эле
31.08.2017. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
907
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 11:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+5
Кантип эмгек сиңирип жатышат бул ырчылар? Бир тойго чыгып 500$ шайлоодо 10000$ сиңирип жатканын билем, анан эмгек сиңиргенин билбейт экем.((( Тиги тарыхчы, тилчи, сүрөтчү, театрдагылар тууралуу маалыматым жок. Аларга эчтеке айталбайм.
31.08.2017. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
08-07-2013
Соӊку аракети:
16-07-2018 03:10
Жынысы:
Белгисиз
+7
самара татыктуумун деп ойлойсунбу озунду же куйоон ойлойбу сени татыктуу деп
31.08.2017. 14:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
688
Катталган:
19-02-2017
Соӊку аракети:
01-05-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошончо болуптур биздин айылдын
бүтүндөй баардык адамдарына деле берип койбоптур АША.
31.08.2017. 16:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
25-05-2017
Соӊку аракети:
01-09-2017 15:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мааааааллладесссс Гулжигит!!!
31.08.2017. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-07-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара эл алса да сен алба
01.09.2017. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-04-2017
Соӊку аракети:
25-04-2018 15:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит татыктуу!!!
01.09.2017. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эмес! Эрте ыйгардынар.
01.09.2017. 04:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
16-03-2013
Соӊку аракети:
13-03-2018 16:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Самарага Караганда Мерген Тургандын эмгеги 100% синген болчу. Акыйкат жок экен да
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: