Кыргыз мамлекетинен Орусиянын Москва шаарына бара жаткан 7 Кыргыз жараны Самара–Оренбург жолунда жол кырсыгынан жаракат алды. РИА Новости басылмасынын маалыматына караганда, 31-августта 10 Кыргыз жараны Ford Transit үлгүсүндөгү кичи автобус менен жолдо бара жатып Оренбург шаарына жакын жерден кырсыкка кабылышкан. Алардын ичинен 7 адам түрдүү жаракаттарды алып жакын жердеги ооруканаларга жеткирилип, үчөө мейманканага жайгаштырылган. Айрым маалыматтарга караганда, айдоочусу уктап кетип, унаа оодарылып кеткен.
Орусиядагы элчилик мейманканага жаткырылган 3 жарандын экөө Москва шаарына жөнөп кеткенин, окуянын көзөмөлдө экенин кабарлады.