ЖЫЛНААМА, 1-СЕНТЯБРЬ: Өзбекстан Эгемендүүлүк күнүн белгилейт

Бүгүн, 1-сентябрда Өзбекстан Республикасы Эгемендүүлүк күнүн белгилейт. 1991-жылдын 31-августунда Өзбек ССРнин Жогорку Кеңешинин кезексиз 7-сессиясы өтүп, анда Өзбекстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жарыяланган. Анын негизинде Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган.

1991-жылдын 18-ноябрында Жогорку Кеңештин 8-жыйынында өлкөнүн мамлекеттик желеги кабыл алынган. Ал эми 15-декабрда Өзбекстан Республикасынын Баш мыйзамы жарыяланып, бир жылдан кийин, 8-декабрда кабыл алынган. 1991-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун буйругу менен В.И.Ленин атындагы борбордук аянттын аталышы "Мустакиллик" (Эгемендик) деп алмаштырылган.

1-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан