Бүгүн, 3-сентябрда ырчы Арсен 29 жашка толду. Ал Талас облусунун Көк-Ой айылында туулган. Бишкектеги Финансы техникумунан билимин уланткан.
"Тагдырың сага жазганда", "Сезим", "Сенин элесиң", "Жыргал ай" жана башка ондогон ырлардын аткаруучусу Арсен кыргыз эстрадасында кыргыз ырларын европалык стилде ырдоо менен өзгөчөлөнөт.
"Супер-Инфо" гезитине берген маектеринде тамактын бардык түрүн катыра жасай алганы менен, үйүнөн тамактанбагандыгын айткан. Буга себеп ырчы мырзанын бойдокчулук менен коштошо электиги болсо керек.
Ырчы чыгармачылыктан тышкары кроссфит, грепплинг, тай боксу жана күрөш өӊдүү спорттун түрлөрү менен машыгат. Арсен менен байланышып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда туулган күнүндө маанилүү жумуштарын бүтүрүп жаткандыгын айтты.
"Туулган күн деген туулган күн да, албетте, өзгөчө сезимдер коштоп жүргөн дата. Алгачкылардан болуп эң жакын адамдарым куттуктай башташты, кубануу, толкундануу болду. Бирок жумуштар бар болгондуктан өздүк майрамыма көп маани берип, убакыт бөлө албадым. Эми кечинде жакын досторум менен жолугуп, 2-3 саат чогуу болобуз. Алардын жакшы каалоолорун уккандан кийин эле тарайбыз", - дейт ырчы.
3-сентябрга карата жылнаама.