Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2012-жылдагы жасаган иштери боюнча отчётун угуп, жыйынтыгында аны “канааттандырарлык” деп баалады. Отчётту премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев берди. Соңунда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди четтетүүгө, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди. Премьер-министр өкмөткө карата айтылган сындарды эске аларын жана жыйында айтылган коррупция боюнча фактылар сөзсүз иликтенерин билдирди.