Ушул жылдын июнь айында Өзбекстандын Кокон шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери катышкан биргелешкен жыйын өтөт. Бул тууралуу 23-майда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов билдирди. Айтымында, мындай сунуш менен өзбек тарап кайрылган.
3-майда эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Гава аймагындагы айрым чек ара тилкелери боюнча маселени талкуулашкан. “Аймак азыркыга чейин Өзбекстан менен макулдашылып, чийилген эмес. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө чейин курулуш жана чарбалык иштерди токтотууну чечтик”, - деп билдирди Мамытов.