Жогорку Кеӊештин депутаты Канатбек Исаев (сүрөттө) президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарылды. Себеп - Исаев талапкер катары жарандардан 30 миӊ кол топтой албаганы. Бул тууралуу 5-сентябрда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова билдирди.
Канатбек Исаев жарандардан 37 633 кол тамга топтолгон баракчаларды тапшырган. Текшерүүдө 10 миӊден ашык кол жараксыз деп табылды. Мындан улам топтолгон кол тамгалар 30 миӊге жетпей калды деп маалымдалды. Исаевди каттоодон баш тартууга БШКнын 12 мүчөсүнүн ичинен Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов жана Елена Жылкычиева каршы добуш берди.
Канатбек Исаевге кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген. Ушул жылдын июль айында иш тергелип бүтүп, сотко жиберилгени белгилүү.
Кол топтоодо каржылык эреже бузганы үчүн Исхак Масалиев да талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Масалиевди каттоодон баш тартууга Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Абдыжапар Бекматов каршы добуш берди.