7 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөп жаткан Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 6-сентябрда SUPER.KG'ге Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, жазаны жатак-абакта өткөрүп жаткандар айтылган убакытта колонияга келип белгилөөдөн өтүп турушу керек. Мотуев 31-августка колонияга чакыртылган. Бирок ал келбей койгон.
"72 сааттын ичинде келбей койсо, "кылмыш жоопкерчилигинен качты" деген негизде материалдарды тергөөгө берсек болот. Тергөөнүн жыйынтыгы сотко өткөрүлүп, сот мынча убакытка жаза өтөсүн же жазаны башка мекемеде өтөсүн деген чечимин чыгарат. Мотуевди 31-августка келүүсүн талап кылганбыз. Бирок келбегендиги үчүн тийиштүү материалдарды чогултуп тергөөгө бердик. Мотуев биз менен байланышка да чыга элек", - деди Сабатарова.
УКМК Мотуевге "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрдын аягында жатак-абагына которулган.