23-майда 2000-жылдын 24-январындагы “Ысык-Көл” биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы токтомго ылайык, “Ысык-Көл” биосфералык аймагына жарандардын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо максатында, биосфералык аймакка кирүүдө экологиялык посттор жоюлуп, унаалардын кирүүсүндө акча төлөмдөрү алынбайт. Белгилей кетүүчү жагдай, «Ысык-Көл» биосфералык аймагына кирүүдө экологиялык посттордо акча каражаттарын чогултууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында биосфералык аймактын генералдык дирекциясы 2 миллион 800 миң сом каражат жумшоо менен постторду автоматташтырган. Бирок ал иштеген жок.