Ош шаардык соту байбичесин өлтүрүүгө шектелген абышканы акыл-эси жайында эмес деп таап, Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык ооруканага дарыланууга жөнөттү. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктады.
Ошондой эле Осмонкуловдун айтымында, Жазык-процесстик кодекстин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык (Сот жазык мыйзамы тарабынан тыюу салынган жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасаган адамга карата жазык ишин кыскартат) кылмыш ишин токтотуу боюнча токтом кабыл алган.
Токтом акыркы эмес, тараптар апелляциялык тартипте даттанышса болот.
Айта кетсек, ушул жылдын 14-июль күнү саат 18:40 чамаларында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жапалак айылында улгайган аялдын канга боёлуп жерде жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, оперативдүү топ окуя болгон жерге барган. Оперативдүү топ кароо учурунда улгайган аял моюнуна бычак сайылып каза болгонун жана анын 1938-жылы туулганын аныкташкан.
Кемпирдин өлүмүнө шектүү катары 83 жаштагы Т.М. аттуу абышкасы кармалган. Шектүү көрсөтмөсүндө аялы малдарына өз убагында жем-суу бербей койгондо катуу айтканына каяша сүйлөгөндүктөн бычак менен моюнуна сайып жибергенин, ал көп кан жоготуп каза болгонун айткан. Экөөнүн турмуш курганына 61 жыл болгону маалымдалды. Ортосунда 2 уул, 4 кызы бар.
http://www.super.kg/kabar/news/195407/