Кара-Көлдө 1-класстын окуучусу жашынмак ойноп жатып трансформатордун ичине кирип токко урунуп каза болду

Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 7 жаштагы бала жашынмак ойноп жатып трансформатордун ичине кирип токко урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

"Окуя 4-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында болгон. Ал башка балдар менен шаардык оорукананын жанында жашынмак ойноп жатып эшиги ачык турган трансформатордун ичине кирип жогорку чыңалуудагы токко урунуп каза болгон", - дейт басма сөз катчы.

“Түндүк электр” ишканасынан аталган окуяга байланыштуу окуу жылынын башталышы менен Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустарында окуучуларга жана мектеп жашына чейинки балдарга электр тогунан жаракат алууну алдын алуу боюнча кезектеги түшүндүрмө иштерин жүргүзүү пландалып жатканын кабарлашты.

Ошондой эле ишканадан түшүндүрүү иштеринин алкагында мектептерде атайын класстык сааттар өтүлүп, видео-роликтер көрсөтүлөрүн, электр буюмдарын туура колдонуу эрежелери үйрөтүлө турганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kuba-savai87
2017-09-07 17:39:44
Кааап жаман эле болуптур. Ким куноолу эми, биринчи жолу 1-класска барган окуучу каап. Ата энесине сабыр берсин.
+5
musickg
2017-09-07 17:41:25
Трансформатордун эшигин эмнеге ачык таштап коюшат!
+16
doping1
2017-09-07 17:44:47
трансформаторду куочап тозуп коётко ХХХХ
+12
altyn7776
2017-09-07 18:30:07
кырсык каш кабактын ортосунда деген ушул да. Ата энеси кайрат кылыныздар. Бизде баары туштон кийин пландалып жаткан болот. Камаш керек шалаакы электриктерди бироонун аймончоктой баласын жутушту...
+10
keit12
2017-09-07 20:21:56
Жаны жанатан орун алсын жаткан жери жайлуу болсун
+2
boris8907
2017-09-07 20:59:14
Эшиги ачык турат биздин айылдагы трансформатор дагы болгону тор сеткадан эшик жасап койгон эгер жаш балдар суу чачып же бир деме менен сая койсо ток урушу толук мумкун
+3
Rasul94
2017-09-07 21:29:40
кыргыздар качан окуя болгондо ойлонот.Эми транспорматорду жабышса керек
+2
ulik.uma04
2017-09-07 23:08:55
Ошол трансформаторду жаппаган электрик куноолууго дейм дагы билбедим.биздин айылдын трансформаторуна бала кириш эмес тамчы сууда кире албайт.атасына рахмат ошол жапкан адамдын
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан