2000-жылы туулган Нурдан Калыгулов изделүүдө. Ал ушул жылдын 3-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Панфилов айылындагы үйүнөн чыгып, кайтып келген эмес.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Нурдан Калыгуловдун бою 170 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы күрөң түстө.
"Ошол күнү кара түстөгү футболка, кызыл түстөгү чолок шым, көк түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн. Анын көрүп-билгендер Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 43-01-27; 0 (312) 43-88-85; Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 60-79-89; 0 (313) 75-12-79; 0 (700) 93 77 83 чалып, кабарлап койсоңуздар", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.