Бишкекте автомектептин кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, автомектептерде жарандарды окутууда жана айдоочулук күбөлүккө укук берүүдөгү мыйзам бузууларды аныктоо максатында текшерүү жүргөн. Анын негизинде Н.Р. аттуу жаран 10 миң 500 сом алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ал жарандарга аз убакыттын ичинде айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, ал үчүн 10 миң 500 сом алчу.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.