Кыргыз Республикасында оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салуу сунушталды. Мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду. Эгер жарандар бул демилгени жактырса, документ парламенттин талкуусуна жөнөтүлөт.
Мыйзам долбооруна ылайык, рулу оң жагында жайгашкан унаа менен жүргүнчү ташуу үчүн айып пул төлөө жазасы жаңы жылдан тарта киргизилиши мүмкүн. Демилгечилер көпчүлүк кырсыктарга унаа рулунун оң жакта жайгашкандыгы себеп болуп жатканын билдирип келишет.
Айта кетсек, оң рулдуу унааларды коммерциялык максаттарда пайдаланууга тыюу салуу демилгеси Кыргыз жергесинде алгачкы жолу көтөрүлгөн жок. 2013-жылы тиешелүү мыйзам долбоору кабыл алынып, бирок кийинчерээк аны кароо 2020-жылга калтырылган.