Кариб чөлкөмүндөгү бороондон 9 адам каза болуп, зыян тарткандар миллиондон ашты

Кариб чөлкөмүн каптаган "Ирма" бороонунан 9 адам каза болуп, 1,2 миллион адам зыян тартты. Бул тууралуу эл аралык “Кызыл жарым ай” коому жана “Кызыл крест” уюму билдирди.

"Табият кырсыгынан Барбуда аралындагы имараттар кыйроого учураган. Ал эми АКШнын Пуэрто Рико аймагында миллиондон ашык адам электр жарыгысыз калды", - деп айтылат маалыматта.

Синоптиктердин баамында "Ирма" бороону Доминикан Республикасы жана Гаити менен Багам аралдарынан өтүп Кубага жакындашы мүмкүн. Ал эми саатына 295 чакырым ылдамдыктагы бороон Флорида штатына , анын ичинде Майами аймагына 10-сентябрда жетет деп болжолдонууда.

Ирма ураганынан 9 адам каза болуп, миллиондой жабыркады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан