Оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы "Кумтөр" боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн ишинде кылмыштын курамы бар же жогун карап чыгууну Башкы прокуратурага сунуштады

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы "Кумтөр" боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн жана "Центерранын" жетекчилигинин ишинде кылмыштын курамы бар же жогун карап чыгууну сурап Башкы прокуратурага жана УКМКга кайрылды. Мамлекеттик мүлк фондунун жана "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын маалыматын уккан фракция депутаттары төмөндөгүдөй чечим кабыл алды.

Ага ылайык, өкмөткө "Центерранын" түндүк америкалык "Thompson Creek" компаниясын сатып алуу келишими боюнча сотко берип, бул келишимди жокко чыгаруу тапшырмасы коюлду. Өкмөт мүчөлөрү кайдыгерлик мамиле жасаганы, өлкөнүн кызыкчылыгын коргой албаганы үчүн жоопкерчилигин кароо жагы Башкы прокуратурага жана УКМКга тапшырылды. Ушул эле органдарга өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимди ишке ашырган "Центерранын" жетекчилигинин аракеттерине да баа берүү жагы айтылды.

Айта кетсек, 2016-жылы "Центерра Голд Инк." компаниясы түндүк америкалык "Thompson Creek Metals Inc." тоо кен компаниясын сатып алган. Келишимдин баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн. Буга байланыштуу "Кыргыз алтындын" "Центерра Голд Инк." компаниясындагы 32,7 пайызды түзгөн үлүшү 26,26 пайызга чейин ылдыйлаган.

"Thompson Creek Metals Inc." аракеттеги компания болуп саналат, анын активинде алтын, жез, молибден ɵндүргөн кендер бар. Аталган компанияны сатып алуу менен "Центерранын" алтын өндүрүүсү кескин жогорулайт", - дешкен "Кыргыз алтын" ишканасынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан