"Кыргыз алтындын" "Центеррадагы" үлүшү 32,1 пайыздан 26,6 пайызга азайды

Буга чейин "Кыргыз алтындын" "Центерра Голд Инк." компаниясындагы 32,7 пайызды түзгөн үлүшү 26,26 пайызга чейин ылдыйлагандыгы тууралуу айрым ЖМКларда маалымат тараган. Буга байланыштуу "Кыргыз алтындын" маалымат кызматы SUPER.KG'ге мекеменин жооптуу өкүлү Алмаз Алимбековдун түшүндүрмɵсүн берди.

Алимбековдун түшүндүрмөсүндө: "2016-жылы "Центерра Голд Инк." компаниясы тарабынан түндүк америкалык "Thompson Creek Metals Inc." тоо кен компаниясын сатып алуу боюнча келишим аягына чыкты. Бул келишимди каржылоо кошумча эмиссиялар аркылуу ишке ашырылды. Келишимдин баасы 1,1 миллиард долларын түздү.

Аталган келишимдин алкагында "Центерранын" кошумча 26,6 миллион акциясы чыгарылып, сатыкка коюлду. Мындан сырткары кошумча 22,3 миллион акция "Thompson Creek Metals Inc." компаниясынын акцияларына алмаштырылды. Мында "Кыргыз алтынга" тиешелүү акциялардын (77 401 766 акция) саны ɵзгɵргɵн жок, бирок кошумча эмиссияны чыгаруу "Кыргыз алтындын" "Центеррадагы" үлүшүн 32,1 пайыздан 26,6 пайызга азаюусуна алып келди. Ошону менен бирге пропорционалдуу түрдɵ башка бардык акционерлердин үлүштɵрү да азайды.

Келишим эл аралык мыйзамдардын талаптарына ылайык ишке ашырылып, "Центтеранын" Директорлор кеңешинин бардык мүчɵлɵрү тарабынан жактырылган. Келишим "Кыргыз алтынга" биринчиден, ɵздɵрүнɵ тиешелүү дивиденддердин ɵлчɵмүн 1,5 эсеге кɵбɵйтүүгɵ, экинчиден, дагы кеминде 20 жыл бою дивиденд алып турууга мүмкүнчүлүк берет.

"Thompson Creek Metals Inc." аракеттеги компания болуп саналат, анын активинде алтын, жез, молибден ɵндүргɵн кендер бар. Аталган компанияны сатып алуу менен "Центерранын" алтын ɵндүрүүсү кескин жогорулайт. Ɵз кезегинде "Кыргыз алтындын" дивиденддеринин эсебинен кирешеси кɵбɵйсɵ, ишкананын республикалык бюджетке которчу чегерүүлɵрүнүн ɵлчɵмү да кɵбɵйɵт.

Эч кимге жашыруун эмес, "Кумтɵр" кенин иштетүүнүн мɵɵнɵтү чектелүү. Бирок "Кыргыз алтын" "Центерранын" акционери катары "Кумтɵр" жабылган учурда да "Центерранын" Кыргыз мамлекетинен тышкары жердеги долбоорлорунун эсебинен дивиденддерди ала берет", - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ady-88
2017-07-20 13:49:00
Кыскасы элди алдамай
+3
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-20 14:11:15
Сат сат сат саааат!!!
+1
fora
2017-07-20 14:21:33
Атамбаевда кыйратбады ушул Кум Тор электро энергетиканын айынан эки тонкоруш болду эле учунчусу отуруп калган Кыргызстанды жок кылды карызга батырып наалат силерге ХХХ.
+3
PROS
2017-07-20 15:28:54
Жөө жомоктон арылбайт экенбиз да (((
+3
wwwbaxa
2017-07-20 15:43:39
Атам бай на последок кичине иштеп кетейин дептир да,элдер кыйкырып-кыйкырып кала беришет деп
+1
ilim07
2017-07-20 22:05:20
Атамбайдын бети ото эле калын экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан