Эртең мененки тамак баланын организмин ойготуп, бир күндүк энергия тартуулайт. Мындан баш тарткан бала түшкү тамакты өлчөмүнөн көп жеп, семирүүгө өзү себепкер болот.
Диетологдор "окуучунун ийгилиги, акыл-эсинин, дене түзүлүшүнүн өсүшү жеген тамагынан көз каранды. Рациондун туура тандалышы чарчоо, шалдыроо, көңүл коштук сыяктуу терс адаттардан арылтат. Курамында А, Е, D, С витаминдери жана В витаминдер тобу бар азыктар көрүүнү жакшыртып, сөөктөрдүн туура калыптанып өсүшүнө, нерв системин чыңдоого өбөлгө болот" дешет.
Пайдалуу азыктардын рецепттерин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№775, 8-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.