Бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө депутат айым суракка алынган учурда тартылган видеожазуу көрсөтүлдү. Видеону көрүп бүткөн соң Салянова видеожазуудагы сурак менен айыптоочулардын корутунду документинде айырма бар экенин, алар видеодо айткан сөзүн бурмалап колдонуп жатышканын билдирди.
Андан сырткары ал сурактын протоколуна көрсөтмөлөрү видеодогудай жазылганын, бирок айыптоочулардын корутунду документинде ал башкача бурмаланып калганын айтты.
"Алар видеодогу сурак учурунда далил катары айтылган сөздөрдү бурмалап жатышат", - деген пикирин билдирди Салянова.
Айта кетсек, бүгүнкү соттук отурумда Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча 7 томдук соттук материалдардын 7-тому окулуп, ага кыстарылган видеожазуу да көрсөтүлдү.
Ага чейин айыпталуучу кызы ооруп, дене табы көтөрүлүп жатканын айтып отурумду кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Бирок сот аны канааттандырган эмес.