Чүйдө унаасы менен жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Чүйдө унаасы менен жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 1-сентябрь күнү саат 20:50 чамасында Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 49 жаштагы Ш.В. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.

"Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган. Азыркы тапта Аламүдүн РИИБи жогорудагы факт боюнча кылмыш ишин козгоп, айдоочуну издөөдө. Эгер жол кырсыгы тууралуу билгендер болсо, 0 (701) 02 27 23; 0 (555) 16 00 33; 0 (708) 15 00 15; 0 (312) 36 35 23; 0 (312) 36 35 27 же 102 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан