Ош-Кара-Суу жолундагы кырсык 60 жаштагы аялдын жана небересинин өмүрүн алды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык 8-сентябрь күнү саат 15:20 чамасында Ош-Кара-Суу унаа жолунун 16-чакырымында (Жылкелди айылы) болгон. Анда Оштон Кара-Сууга келе жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, маршруттук такси менен бетме-бет сүзүшкөн.

"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 1957-жылы туулган Ш.М. (аял киши) жана 2010-жылы туулган небереси А.М. (эркек бала) каза болгон. Ал эми маршруттук таксинин ичинде айдоочудан тышкары 5 адам болгон. Учурда алар ооруканада, абалдары туруктуу. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
salimbek87.kg
2017-09-09 09:47:44
Жаңылык окубай турган болдукоо эх күндө кырсык Аллахым өзүң сакта .жакындарына сабыр берсин.
+3
nur72
2017-09-09 10:05:28
сабыр жакындарына
0
Elif2015
2017-09-09 11:04:22
Жолдун ортосун бөлүп мисалы аркандай кооз гулдорду ,бактарды эгип койсо жол кырсыктары азайып карышы тилкеге чыгып каза болгондор кырсыктын саны азаят беле ?
Эх неге бир аракет кылып ушул жүрөктү өйкөгөн көйгөйдүү чечишпейт атка минерлер !!!
Бул бутундой Кыргыз элинин проблеммасы экени айдан ачык .
Баш көтөргөнүн эле камап кылмыш козгоо мн алек акыркы жылдары .
+3
Almaz-Tokuev
2017-09-09 11:05:00
Жайы жаннатан болсун Аллахым рахматы кылсын. Жакындарына сабыр берсин.
+2
MAKALAK
2017-09-09 11:07:53
жолду болсон арканан учуп келип сузуп атпайбы
0
Almaz-Tokuev
2017-09-09 11:12:53
Жолду болуп пайда жок Elit2015 айдо куболук саткандарды жок кылыш керек жол эрежесин бузгандарды каттуу жазалаш керек.азыр жеп жутарлар шайлоо менен алек.
+4
Elif2015
2017-09-09 11:34:03
Almaz-Tokuev,эч кандай пайдасы жокпу ээ анда неге башка өлкөлөр ошондой кылышат жолду экиге бөлүп мисалы сол тарап мн оң тарапты болүп . Алдын алуунун бир аракетти ..Же аны акылсыздар
Ойлоп ошондой жазашканбы чет мамлекеттерде .?

+4
Barclays_CR7
2017-09-09 11:57:13
Ушул левый рульдарды жок кылыш керек , кандай экен он рульдуларга эле асыла бербей
+1
omurbekFCB
2017-09-09 12:04:52
жайы жаннатта болсун !! ош кара суу жолунда каттуу айдаган айдоочулар коп .
+1
Patriot7
2017-09-09 14:17:21
60 жаштагы аялды машинеге (рулга) отургузуп койсо, дагы эмнени куттунор эле?!!
-1
Nanei
2017-09-09 14:53:22
Ошондо аял киши карама каршы жолго чыгып кеткенби ,тушунбой калдым
0
Rifle_I
2017-09-09 18:33:24
Матиз, тиколорду акырындан жок кылыш керек. Шаардын көркүн да бузат. Бүргөдөй болуп кычыктарга тыгылып, машиналардын арасына кирип жүрүшөт.
Андан көрө япошкаларды толтуруп алыш керек эле Кыргызстанга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан