Сулуулук - дүйнөнү сактап калат. Сулуулук тууралуу ар бир адамдын өз көз карашы бар. Бирок ар бир мезгилде сулуулуктун өз эталондору болгон. Бүгүн бүткүл дүйнөлүк сулуулук күнү. Сулуулук күнүн белгилөөнү 1995-жылы эл аралык эстетика жана косметология комитети сунуштаган.
Кызыктуу фактылар
Сулуулук сынактарынын мекени деп Бельгия эсептелет. Дал ушул өлкөдө 1888-жылы эң алгачкы сулуулук сынагы өткөн. Ал эми 1951-жылы Лондондо биринчи жолу "Дүйнө сулуусу" сынагы орун алган.
Африкада жашаган кайсы бир урууда эң сулуу деп табылган кызды курмандыкка чалып, жолборсторго жем катары беришчү.
Ал эми орто кылымда сулуу кыздарды кара күчкө ээ жезкемпирлер деп ойлошкон.
Сулуулуктун экинчи бети
Журнал бетинен көргөн сулуулардын жашоосунда эч бир кыйынчылык жоктой сезилип, алардын жашоосуна суктангандар аз эмес. Бир караганда керемет жашоодо өмүр сүргөн сулуулардын кыйынчылыктары жөнүндө көпчүлүк биле бербейт.
Адамдарда калыптанып калган эң негизги стереотип - сулуу болсо, демек, жан дүйнөсү кедей, акылы тайкы, жеңил ойлуу.
Мындан эки жыл мурун модель болуп эмгектенип, бул тармактын "ички ашканасын" жакшы билген Асылай Муратова: "Ооба, көп учурда сулуу болсо эле акылы жок, эч нерсе билбеген, кийим-кече, ар кандай байлыкка гана кызыгып, кечелерден башы чыкпаган кыз экен деп ойлошот, жашырбайм андай кыздар да бар. Бирок сулуулук жаатында эмгектенген кыздардын арасында чет тилдерде эркин сүйлөгөн, эки-үч жогорку билимдин ээси болгон кыздар бар. Көп учурда адамдар ошол сулуулуктун артында кандай бай жан дүйнө жатканын билгилери да келбейт, алар сулуулар капчыгы калың мырзаларга көз сүзгөндөн башка эч нерсе билбейт деп ойлошот. Албетте, бул өкүнүчтүү", - деди.
Азыркы учурда интернеттеги социалдык тармактардын кеңири жайылышы менен интернет колдонуучулар арасында популярдуулукка жетип дүйнөдөгү эң сулуу деп аталган айымдар жана мырзаларды назарыңыздарга сунуштайбыз:
Эң сулуу деп табылган мээрман айым Kaicyre Palmers.
Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп баш кошконго ылайыктуу айымды издеп жүргөн, эң келишимдүү дарыгер Михаил Варшавски.
Инстаграмда жылдызга айланган норвегиялык Гунн Нартен өрт өчүрүү кызматында иштейт, көп учурда анын жумушу элдерди таң калтырат. Бирок ал өзүн бир гана ушул жумушта көрөрүн айтып келет.
Денесинин баарын сүрөт баскан канадалык Маршалл Перринди интернет колдонуучулар эң келишимдүү өрт өчүрүүчү деп табышкан.
Украиналык математика сабагынын мугалими Оксана Невесёлаяны британиялык Daily Mail, The Sun жана Mirror эң сулуу мугалим деп атаган.
Дүйнөнүн эң келишимдүү мугалим мырзасы деп аталган 29 жаштагы англиялык Пьетро Боселли да математикадан сабак берет. "Бул жөн гана дал келгендикпи же чын эле математика сабагынан берген мугалимдер татынакай болобу?" - деп кызыккандар көп.
Ал эми бул мырза эң келишимдүү тартип сакчысы деп эсептелинет.