Жалал-Абад облусунда өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тоноочулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл июль айында таңкы саат 04:00 чамасында Сузак районунун Топурак-Бел айылынын жанынан белгисиз жарандар өтүп бара жаткан унааны токтотуп, айдоочусун тоноп кетишкен. Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн жарандар МАИ таякчасын колдонуп, Хонда CRV үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан Баткен облусунун 30 жаштагы жашоочусун токтотушуп, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, баш ийбөө фактысы боюнча коркутушуп, айдоочунун 250 долларын жана 3 миң сом акча каражатына коркутуу жолу менен ээ болушкан.
"Жабырлануучу окуя боюнча бир айдан кийин милиция кызматкерлерине кайрылган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунаа такталып, кылмыш ишине тиешеси бар Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалган. Тергөө учурунда кармалган жарандын милиция кызматына эч кандай тиешеси жоктугу жана эч жерде иштебей тургандыгы аныкталган. Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунаанын ичин текшерүү учурунда уурдалган мамлекеттик номур жана таякча табылган", - дешти милициядан.
Азыркы убакта кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда жана жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жаранды кармоо боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Кылмышка шектүүлөр мурда милиция кызматкерлеринин атын жамынышып, Ош-Бишкек жолунда башка айдоочулардан коркутуу жолу менен акча алып жүрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.