Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" жана "баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Айта кетсек, жол кырсыгы 8-сентябрь күнү таңкы саат 04:27 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында болгон. Анда Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылган. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 4 адам менен кошо күйүп кеткен.

Кырсык болгон жерден унаанын чачырап кеткен тетиктери, буюмдар жана эки кап кара куурай табылган. Учурда маркумдардын аты-жөндөрү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Syn4y
2017-09-09 14:26:44
mentter ozdoru olturup ele turtup iyse kerek jardan
+2
bibi87
2017-09-09 16:55:47
Черныйлар бирдеме кылган го
+2
nur72
2017-09-09 23:25:03
эмне деген эле шумдуктар болуп жатат заманыбыз тынч болсунчу
+1
ainur78007
2017-09-09 23:35:21
4 адам куйгон болсо кантип 2 кап кара куурай куйбой калды экен
+4
zheenbaev95
2017-09-11 09:44:44
бул кырсык семеновка-кашат айылынын ортосундагы мосстто болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан