Бишкекте көпүрөдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө

Бишкекте көпүрөдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 8-сентябрь күнү саат 18:40 чамасында "Ош базарына" жакын жерде болгон. Анда белгисиз адам көпүрөдөн кулап кеткен.

"Жабырлануучу (эркек киши) башы менен ташка түшкөндүктөн, ошол жерден жан берген. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Анын жашы болжол менен 30-35 чамасында. Азырынча маркумдун эмнеден улам көпүрөдөн кулап кеткени белгисиз. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tilek121277
2017-09-09 21:42:14
Урматуу админ Төлөйкөн айылынан чыккан маркум бала боюнча маалымат берип койсонуздар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан