Канаттуулар өзгөчө, табышмактуу жандыктар. "British Trust for Ornithology" фонду уюштурган сынакта быйыл "2017-жылдын мыкты сүрөтчүсү" делип мексикалык Алехандро Прието Рохас табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, фотограф 5 миң фунт стерлинг өлчөмүндөгү баш байгени балапанына жем берип жаткан фламингонун сүрөтү үчүн алган. Сынакка катышкан эң мыкты сүрөттөр атайын жыйнакка киргизилген. Аны сатуудан түшкөн каражат канаттуулардын кээ бир түрлөрүн коргоого жумшалат. Сынакта байгелүү орундарды алган сүрөттөрдү назарыңыздарга сунуштайбыз.