Канаданын Эдмонтон шаарында Бишкек убактысы боюнча 10-сентябрда саат 10:00дө UFC-215 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен реванштык беттешке чыгат.
UFC-215 беттешинин негизги беттеши катары саналган Деметриус Жонсон менен Рэй Боргдун урушу болбой калган. Демек, бүгүнкү беттеште негизги катары аталган эки айымдыкы саналмакчы.
Негизги беттештин башталарына саналуу мүнөттөр калды.
10:00 Алпаруучу Шевченко-Нуньес беттешинин башталарын жар салды. Учурда Валентина Шевченко урушка чыгууга даярданып жатат.
10:07 Октагонго Аманда Нуньес чыкты. Учурда эки мушкер тең колдоп келген машыктыруучулары менен кеңешүүдө. Аларга Жон Макарти калыстык кылмакчы.
10:14 Калыс эки мушкердин урушуна старт берди.
10:20 1-раунд соңуна чыкты. Шевченконун бир салаасы жабыркаганын байкоого болот. Ал бул тууралуу машыктыруучусуна билдирди.
10:21 2-раунд старт алды. Нуньеске колу узун деген мүнөздөмө берилгендиктен, учурда ал колу менен көбүрөөк чабуул жасоодо.
10:26 Экинчи раунд соңуна чыкты.
10:27 3-раундга старт берилди. Учурда беттеште өзгөчөлөнгөн деле чабуул эки тараптан тең жасала элек. Валентина өзүнүн буйтоо артыкчылыгынан активдүү пайдаланууда. Ошол эле учурда сокку урууга да үлгүрүп жатат. Албетте, Нуньес дагы оңой атаандаш эмес. Ал дагы жооп катары сокку урууда. 3-раунд аяктады.
10:33 4-раунд башталды. Беттеш 5 раунддан турмакчы. Ар бир раунд 5 мүнөттөн турат. Беттеш башталганы эки мушкердин бири да жерге жыгыла элек.
10:38 4-раунд аяктады. Эки мушкерде тең эс алуу.
10:39 Акыркы чечүүчү раунд старт алды. Оюндун жүрүшүнө караганда Шевченкону жеңди деген прогноз айтууга мүмкүн эмес.
10:44 Акыркы раунд аяктады. Соккулардын саны боюнча жыйынтык кубандырбайт. Калыс жыйынтыкты чыгарды. Ошентип Нуньес чемпиондук курун коргоп жеңишке жетишти. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко жеңилүү ызасын тартып калды.