Испанияда археологдор мындан 10 миң жыл мурун жашаган, адамдын эти менен тамактанган делген каннибалдардын үңкүрүн таап алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазат.
Казуу иштери жүрүп жаткан Валенсиянын түштүгүндө жайгашкан үңкүрдө окумуштуулар 30 ар кандай адамдын сөөгүн таап алышкан. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, ал сөөктөр эки чоң киши жана бир кичинекей адамдыкы экени аныкталган. Мындан сырткары сөөктөр катуу буюм менен ургуланганы, отко какталганы жана тиш менен кемирилгени маалым болгон.
Изилдөөлөрдөн соң сөөктөр үңкүрдө ар башка убактарда пайда болгону белгилүү болгон.
Адамдардын каннибализмине ачарчылык себеп болгон деген божомол четке кагылган. Анткени ошол археологиялык казуунун жүрүшүндө көптөгөн жан-жаныбарлардын калдыктары табылган. Божомол боюнча каннибализмге эки башка маданиятка тиешелүү уруулардын согушу себеп болгон.