ЖЫЛНААМА, 11-СЕНТЯБРЬ: "Туулган күнүмдү биринчилерден болуп апам менен жубайым куттуктады" дейт Чыңгыз Мырзаев

Бүгүн, 11-сентябрда ырчы, алып баруучу жана тамада Чыңгыз Мырзаев 34 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышсак, бүгүнкүгө өзгөчө деле план койбогонун айтты.

"Кечээ кечинде досторубуздун үйлөнүү тоюнун 10 жылдыгында жүргөнбүз. Ал жактан келер замат үйдөн апам менен келинчегим өздүк майрамым менен куттукташты. Андан соң телефонумду өчүрүп жатып алгам, күйгүзгөнүмө 5 эле мүнөт болгондо силер чалдыңар. Куттуктоолор эми башталса керек, азырынча эч ким деле куттуктай элек. Бүгүнкүгө атайын план койгон эмесмин, кечинде туугандар, жоро-жолдоштор менен чогулуп отуруп калышыбыз мүмкүн", - деди ал.

Чыңгыз Мырзаев 1983-жылы 11-сентябрда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Орозбеков айылында төрөлгөн. Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумун бүтүргөн. Ырчынын "25 жаш", "Бир тууган" деп аталган ырлары элге кеңири белгилүү. Чыңгыз Мырзаев "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча 2006 жана 2011-жылдары "Жылдын супер ди-джейи" наамдарына ээ болгон. Ырчылыктан сырткары өзүн тасма талаасынан да сынап “Кандуу сүйүү” тасмасында баш каарман Алымбектин образын, "Талас-Бишкек" тасмасында Ильяздын ролун жараткан. Ал эми ырчынын жубайы Надирабегим "Супер-инфо" уюштурган "Супер сулуу-2011" сынагынын финалчысы.

11-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан