Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ага Мадумаров, Келдибеков, Ташиев жана Төрөбаев курамына кирген төртилтик боюнча суроо берилди.
"Биздин партия өзүбүздүн сөзүбүзгө турдук. Жакында чечимибизди жарыялайбыз. Шайлоого бирдиктүү талапкер чыгаруу планыбыз ишке ашпай калды, аракеттер токтоду. Жаңы партия түзүлбөйт, демек, курултай да болбойт", - деди Төрөбаев.
Буга чейин төртилтик өз алдынча кеткени тууралуу маалымат тараган. Ташиев шайлоодо бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоону чечкени тууралуу маалымат тарап, Ташиев өзү жакында бул боюнча коомчулукка маалымат бере турганын билдирди.