Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарчасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесинде келе жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган. Жол кырсыгы 9-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында катталган.
"Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын айдоочусу Кадамжай шаарынын 44 жаштагы Э.Н. аттуу тургуну жана анын 44 жаштагы аялы, 2002-2016-жылы туулган балдары денелеринен алган жаракаттарынан улам Кадамжай аймактык ооруканасында каза болуп, 2004-жылы туулган уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ал эми Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаадагы 4 адам жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.