Окумуштуулар: "Адамдын уктап жатып түшүндө жыныстык катнашка баруусу - оору"

Британиялык Суррей университетинин окумуштуулары адамдын уктап жатып түшүндө жыныстык катнашка баруусун - оору деп табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Адистердин айтымында, бул оору лунатизмден дагы коркунучтуурак. Уктап жатып түшүндө катнашка барууда адам андан ырахат алат. Ал учурда адамдын көзү жумулуу абалда тез кыймылдап, каректери чуркайт. Ошол эле учурда анын денеси кыймылсыз абалда болот. Демек, мээде "ырахаттуу кубулуш" жүрүп жатканы менен, дене мүчө ал нерселерге жооп бербестен булчуңдар жыйрылып жата берет. Мындай акылы менен жыныстык катнашта болуу - адамдын ден соолугу үчүн кооптуу.

Сомнологдордун (Сомнология - медицинанын жана нейробиологиянын бир бөлүгү. Сомнолог - түш көрүү, анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөчү окумуштуу) изилдөөсү боюнча бул оору менен жабыркагандар булчуңдары жазылбай турган абалда түшүндө көргөнүн аткара бергенден ден соолукка зыян келет. Мындай абалдан улам адамды аракечтикке бат берилүү, стресске кабылуу жана сексуалдык алсыздыкка алып келиши ыктымал. Эгер адамдын түшүндө мындай нерсе бат-баттан кайталанып жатса, анда жатар алдында уктатуучу дары ичип, булчуңдардын чыңалуусун жазуу керек дешет адистер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aerforce
2017-09-12 10:54:41
окумуштуулар коп окуй берип тантырап калат бул нерсе баарынын тушуно кирет анда баары эле оору экенда илгеркилер айтмакчы тушун тулкунун ХХХХ тушко ар нерсе кирет
+9
ALATOOLUK.JIGIT
2017-09-12 11:13:42
Эй окуп чилистен болбогон,сен алдын бизге кел,кыргыздардай тамактанып анан уктасан корбогон тушту коросун,тушундо тооко да короз болосун.
+12
kg_emilbekov
2017-09-12 11:18:46
не кылса болот екен анда кеде мага да кирет
+1
Rozhulun
2017-09-12 11:26:40
Түш жакшы иш жакшы - деп коёт Кыргызда бул окумуштуулар дагы окушсун! Мындай случай болотурган болсо бойго жеткендин белгиси болот.
+1
Aidani
2017-09-12 12:00:56
Коменттер жарды
+1
nurbekasr
2017-09-12 12:06:01
Анда эле элдин баары оорулуу болуп калат го.Бул окумуштууларың атаңгөрү өздөрү оорукчан болушат ар нерсени изилдей берип акылынан айнып.Мындай кирген түш адамзат жаралгандан бери болуп келсе керек эле.Ушуну айткан ошол окумуштуулар өздөрү больнойлор.
+2
Gema
2017-09-12 13:09:21
Окумуштуулар суйлой беришпейби билерман болушуп.болжоп,ал жинден адамдар менен контактиа болот.
0
AKCAHAT
2017-09-12 13:31:53
Окмуштуулар алар кимдер? Омурун 10-15жылын илимге арнап универдин китепканасында кундо тундоп окушуп диплом, диссертация жактап профессор болгон ошо окумуштуулар тантыраптыр.Мына накта окумуштуулар бизде суперде.Мектепте коридордо нары бери чуркап, универди атасынын огузунун акчасы мн бутуруп, кечээ жакында жанакы тантырак окмуштуулар ойлоп тапкан смартфонду уйронушуп, эми эч кимге соз беришпейт)) Ошо окмуштуулар тантыраптыр керек болсо ммм бизден сурашпайбы, бул ооруу эмес))))
+9
Uulka9293
2017-09-12 14:05:05
AKCAHAT,ха -ха- ха окумуштуу...Кийинкисин сурап жазышат...
+1
kechirmeni
2017-09-12 14:48:46
Кой э бул кобундо эле боло турган кадимки эле кубулуш. Мен бойдок мезгилде коп болчу, азыр уйлонгондон кийин кээде эле болот.
+1
Jumahmatov
2017-09-12 15:33:11
Хахаха кыздарда тушундо шайтандайбы биринчи жолу угушум
0
Talantsagynbaevkg
2017-09-12 17:13:45
мен тушумдо баарын кылам бир жакшына эле журомгоооо хее хее....
0
bom.bon
2017-09-12 17:49:33
Негизи мен мындай жерлерге көбүрөөк коментарий окуганы киремда))
+1
ZHYRGAl1412
2017-09-12 19:49:11
Айта берет окумуштуулар.көпкө жыныстык катнашта болбосоң ошондо түшүнө кирет
+1
aytkulova
2017-09-12 20:52:20
Тообо кызык... Тушко ар нерсе кире берет да.
0
Aziyat
2017-09-13 01:22:06
Кызык го.Мындай туш кимге жакпасын)))
Ошондой түштү көргөн адамдар 99%ти сакайып кетейин деп тиленбей,кайра дагы түш көрсөм экен деп тиленсе керек)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан