Бакыт Төрөбаев: “Бийлик коррупция менен күрөшө албаса, ал кетет”


"Сот системасы адилеттүү, калыс жана көз карандысыз өлкө болушу керек.

Мен аркылуу мыйзамга киргизилген жаңы процедуралар аркылуу соттордун жоопкерчилигин арттыруу зарыл. Эгерде, соттун чечимин экиден көп жолу жогорку инстанция жокко чыгарса, анда мындай соттун ишмердүүлүгүн Сот Кеңешинин дисциплинардык комиссиясы карап, аны кызматтан кетирүү маселесин карашы керек.

Экинчи маанилүү кадам сот реформасы тууралуу. Бизге тез аранын ичинде сот арачылары институтун ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын сотторунда күбɵлɵрдү реалдуу коргоону камсыздоо керек. Бул сот процесстеринде адилеттүү чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк түзɵт. Буга байланыштуу мамлекеттин бюджетинен Бишкек, Ош шаарларындагы аталган институттарды пилоттук каржылоо кылышыбыз абзел. 2020-жылы бардык облустарда сот арачы институттарын каржылоо толук колго алынат. Мен Кыргызстанда сот реформасын 2023-жылдын аягына чейин чыгарууга болгон күч аракетимди жумшайм” деген пикирин Бакыт Төрөбаев өзүнүн “Өнүгүүнүн жаңы багыты - Кайра жаралуу” аттуу программасынын бет ачарында билдирди.



"Бийлик коррупция менен күрөшө албаса, ал кетет. Менин оюм боюнча, мамлекетте үч башкы шарт болгондо гана коррупция менен натыйжалуу күрөш жүрөт:
1) Сот бийлигинин көз карандысыздыгы;
2) Эркин ММК;
3) Системалык парламенттик көзөмөл", - деди президенттикке талапкер.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев “мыйзам астында баары тең болушу керек, Кыргызстанда – “кызылдар”, “каралар”, “биздикилер” жана “кол тийбестер” болбойт. Мыйзамдын негизинде коррупция жана рейдерлик сыяктуу кылмыштар үчүн эскирүү мөөнөтүн жок кылабыз. Кызматта турган адамга пара берүү жана пара берүүгө аракет кылгандарга Кылмыш-жаза жоопкерчилигин күчөтөбүз” деп далилдүү фактылар менен так белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 11.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана. Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан