АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин кичүү небереси турмушка чыкты

АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди менен жубайы Жаклин Кеннединин кичүү небереси Татьяна Шлоссберг турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үлпөт той 9-сентябрь күнү Массачусетс штатында көпчүлүктөн жашыруун түрдө өткөндүктөн, кечеден бир да сүрөт коомчулукка жарыяланган эмес.

Ошентсе да жергиликтүү басылмалар 27 жаштагы Татьянанын сүйүктүүсү медициналык факультеттин студенти, 28 жаштагы Жорж Моран аттуу мырза экенин жазууда. Ал эми Татьяна өзү журналист, учурда АКШдагы “The New York Times” басылмасында эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2017-09-11 19:08:20
Тойго кабар келбедиби? Бул кыз турмушка чыкса биз не кылышыбыз керек?
-2
Riokyrgyz
2017-09-11 20:10:02
salimbek87.kg,Сизди бир нерсе кылсын деп бул кабарды чыгарганы жок.Бул болгону жанылык.
+2
bekhaliev
2017-09-11 23:16:06
Атамбаев кутуктаган болсо керек а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан