Бишкекте Өзбекстан президентине кол салуу даярдалып, ишке ашпай калдыбы?

Бишкектеги иш сапары учурунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге кол салуу пландалып, ишке ашпай калганын айтып өзбекстандык эксперт Усман Хакназаров билдирүү жасады. Эксперт кол салуу планын Кыргыздын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети токтотуп калды деген пикирде.

УКМК ушул жылдын 2-сентябрында "Ислам мамлекети" террордук тобунун активдүү мүчөсүн колго түшүргөнүн эскертип өткөн Хакназаров, кармалган жаран Мирзийоевди өлтүрүүнү көздөгөн болушу мүмкүн деп эсептейт. "Кармалган жаран "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү эмес, кадимки эле жергиликтүү мафиянын диверсанты деп жоромолдоп жатабыз. Ал жана анын тилектештери президент Шавкат Мирзийоевдин Бишкектеги сапары маалында ага кол салууну көздөгөн. Бул тууралуу Ташкенттеги жашыруун булактардан окшош 4 маалымат түшкөн жана Кыргыз тарап кабардар кылынган, - дейт Хакназаров.

Хакназаров президент Мирзийоевге кол салуу планы Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын генералдары тарабынан даярдалышы мүмкүн деген ойдо. Эксперттин билдирүүсү Өзбекстан элдик кыймылынын расмий сайтына жайгаштырылган.

УКМК "Ислам мамлекети" тобунун активдүү мүчөсү Д.С. аттуу Кыргыз жараны кармалганын, ал мамлекеттик маанидеги иш-чара өтүп жаткан маалда теракт жасоону көздөгөнүн маалымдаган эле. Анын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу заттын бөлүктөрү (пластид жардыргыч заты, зымдуу шнур, капсюль детонатору) табылган.

Шектүү жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Шавкат Мирзийоев Кыргызга 5-6-сентябрда мамлекеттик иш сапары менен келип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Munar8625
2017-09-11 18:47:59
ошо божомолдорго ишенбеймда просто эки олгонун мамилеси жакшырып жатканыга ия куйдулук колоко тушуруу
+21
Ali-han
2017-09-11 18:53:19
Бирок баары бир Кыргызстан онугот)))
+18
haydarkan
2017-09-11 19:09:32
А йооге.
+3
Tolkun555
2017-09-11 19:25:49
Жалган нерсе
+6
ibo
2017-09-11 19:40:47
Чын эле, неге Кыргызга деп жазасынар???
+9
admin_superstan
2017-09-12 09:33:26
ibo, саламатсызбы! Кыргызстан эли, Кыргызстан жери дебестен, Кыргыз эли, Кыргыз жери деген стиль кеңири колдонулуп келген. Анын сыңарындай, өлкөбүздү Кыргыз деп жазуу бул жаңылык эмес, бул порталдын стилистикалык өзгөчөлүгү болуп саналат.
-2
jumaev0084
2017-09-11 20:16:34
ееееу чык эшике
+5
Дарыгер
2017-09-12 02:12:05
Кандай правилага таянып кыргызга деп жазып жатасыңар??? Түшүндүрүп койсонор
+1
admin_superstan
2017-09-12 09:33:45
Дарыгер, саламатсызбы! Көптөгөн мамлекеттердин түзүлүшү Республика. Расмий түрдө мамлекеттин атына "Республикасы" деп кошулуп айтылганы менен, дүйнөлүк практикада мамлекеттин негизги аты гана кыскача колдонулуп келет. Мисалы, Кытай Эл Республикасы эмес - Кытай, Индия Республикасы эмес - Индия. Кыргыз Республикасы деген аталышты колдонуу менен биз мамлекеттин негизги аталышы Кыргыз экенин унутуп жатабыз. Ошондуктан макалаларыбызда мамлекеттин уңгу атын Кыргыз деп колдонуудабыз.
-2
admin_superstan
2017-09-12 09:29:14
nelya88, haydarkan, pero123, MAKALAK, Saidochka, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. 5 күндөн БАН!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан