Казань шаарында Кыргыз Республикасынын 23 жаштагы жаранын белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишти. Каза тапкан жаран Ош облусунун Араван районунун тургуну. Кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши ачылды. Азыркы тапта териштирүү жүрүп жатканын 11-сентябрда Орусиядагы Кыргыз элчилиги тастыктады.
Окуя тууралуу каза тапкан жарандын жакындарына кабар берилип, маркумду мекенине жөнөтүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Каза тапкан жарандын аты-жөнү айтылган жок.